Марал Радиосу

УКМК: Аскердик мүлктү уурдоо фактылары аныкталды

Куралдуу күчтөрдүн Улуттук гвардиясынын бөлүктөрүндө аскердик мүлктү уурдоо фактылары аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттен кабарлашты.

Маалыматка караганда, Бишкек гарнизонунун Аскердик прокуратурасы менен биргеликте жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында уурулукка катышкан аскер кызматкерлери аныкталып, аларга карата кылмыш иши козголду.

Учурда материалдар сот органдарына жөнөтүлдү.

Exit mobile version