Марал Радиосу

УКМК Бишкекте мектеп директору кармалганын билдирди

Бишкектеги билим берүү мекемелерине окуучуну кабыл алууда мыйзамсыз акча талап кылгандыгы үчүн мектеп директору кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы кабарлады.

УКМК жаңы окуу жылынын башталышынын алдында Бишкек шаарындагы мектептерде окуучуларды 1-класска кабыл алуу жана бир мектептен башкасына которууда мыйзамсыз акча талап кылуу, коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу боюнча иш-чаралардын комплексин жүргүздү.

1-сентябрда окуучуну башка мектепке которуу маселеси оң жагына чечилиши үчүн 5000 сом өлчөмүндө акча каражатын алууга шектелип, борбор калаадагы мектептердин биринин директору А.Г.Б. кармалды.

Атайын кызмат бир жумадан бери мындай ишке айыпталып төртүнчү директор кармалганын билдирди.

Буга чейин президент мектептерде, мамлекеттик билим берүү уюмдарында мыйзамсыз акча чогултууга,  ар кандай коомдук фонддорду түзүүгө тыюу салуу, чыгымдарды мамлекеттик бюджеттен камсыздоо боюнча жарлык чыгарган.

УКМК билим берүү мекемелеринин жетекчилери мындай фактылар үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертет.

Exit mobile version