Марал Радиосу

Бишкекте быйыл 20 миңден ашык бала 1-класска барды

1-сентябрда борбор калаанын бардык мектептеринде Билим күнүнө жана 2023-2024-жаңы окуу жылынын башталышына арналган салтанаттуу жыйындар өттү.

Быйыл 20 миңден ашуун 1-класстын окуучулары мектеп коңгуроосун биринчи жолу угуп, партасына отурушту.

Алгачкы сабак бардык мектептерде “Тегибизди унутпай, дүйнөгө ачык бололу: Кыргыз жараны – өлкөнүн келечеги” деген темада өттү.

Белгилей кетсек, борбор калаанын билим берүү системасы 103 жалпы билим берүү уюмунан, 95 мектепке чейинки билим берүү уюмунан жана 6 мектептен тышкаркы уюмдардан турат. Жыл сайын окуучулардын, орто эсеп менен 8589 баланын санынын динамикалык өсүшү байкалууда, бул төрөлүүнүн жана ички миграциянын өсүшү менен байланыштуу.