Марал Радиосу

УКМК: «Хизб ут-Тахрир аль-Ислами» экстремисттик уюмуна кирген үч жаран андан баш тартты

УКМК «Хизб ут-Тахрир аль-Ислами» экстремисттик уюмуна кирген үч жаранды андан баш тарттырды.

25-августта УКМК кызматкерлери тарабынан «Хизб ут-Тахрир аль-Ислами» (Кыргызстанда тыюу салынган) диний экстремисттик уюмунун мүчөлөрү А.М.М, К.Р.А. жана Т.М.Э. кармалган. Аларга карата профилактикалык иш-чаралардын натыйжасында К.Р.А. жана T.M.E. , А.М.М аттуу жарандар тандап алган диний багыты жаңылыш экенин түшүнүү менен, алар зыяндуу экстремисттик идеялардан баш тартышты. Алар башка жарандарды да «Хизб ут-Тахрир аль-Ислами» диний экстремисттик диний уюмдун мүчөлөрүнүн мыйзамсыз чакырыктарынаалдырбоого чакырышты.

Учурда УКМК тарабынан Кыргызстандын аймагында тыюу салынган диний экстремисттик уюмдардын жана анын мүчөлөрүнүн ишмердүүлүгүн андан ары аныктоо жана бөгөт коюу боюнча иштер улантылууда.