Марал Радиосу

Алай жана Өзгөн райондоруна жаңы аким дайындалды

Кечээ, 24-августта президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Алай жана Өзгөн райондоруна жаңы аким дайындалды. Бул тууралуу президенттин сайтында жарыяланды.

Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-пунктуна ылайык Кожомамбетов Азамат Асанбекович Ош облусунун Алай районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким болуп дайындалды.

Ошондой эле тескеме менен Ош облусунун Өзгөн районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким болуп Апбасов Каныбек Сагынбекович дайындалды жана буга чейин ээлеген кызматынан бошотулду.