Марал Радиосу

Бишкектеги №2 клиникалык көп тармактуу ооруканада оңдоо иштери башталды

Бишкектеги №2 клиникалык көп тармактуу ооруканада оңдоо иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Оорукананын экинчи корпусунун имараты да оңдолуп жатат, анда мурун жеке менчик көз клиникасы жайгашкан болчу. Бул имаратта 80 койкалуу неврология бөлүмү түзүлөт. Мындан тышкары, №2 клиникалык көп тармактуу оорукананын башкы корпусунда жайгашкан пульмонология бөлүмү оңдоп-түзөөдөн өтүүдө. Оңдоо иштери Дүйнөлүк банк тарабынан колдоого алынган “COVID-19га ыкчам чара көрүү” долбоорунун алкагында каржыланат.

Оңдоо иштеринин жүрүшүндө имараттын ички жасалгалоо иштерин жүргүзүү, эшиктерди, полдорду алмаштыруу, ошондой эле канализация жана суу түтүктөрүн алмаштыруу пландалууда. Мындан тышкары, электр зымдары алмаштырылып, палаталарда жаңы душ кабиналары, санузел орнотулат. Оңдоо иштери үч айга жакын убакытка созулары күтүлүүдө.