Марал Радиосу

Чоң-Кеминде жапайы тоо эчкисине мыйзамсыз аңчылык кылган жаран аныкталды

Чоң-Кеминде жапайы тоо эчкисине мыйзамсыз аңчылык кылган жаран аныкталды. Бул тууралуу NABU-Кыргызстан уюму билдирди.

2023-жылдын 22-августунда Чоң-Кемин өрөөнүндө белгисиз адамдар мыйзамсыз аңчылык кылып жүргөнү тууралуу ыкчам маалымат келип түшкөн. Ыкчам маалыматтын негизинде NABU-Кыргызстандын мыйзамсыз аңчылыкка каршы “Барс” тобунун кызматкерлери жана Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министирлигинин, Чүй аймактык башкармалыгынын Кемин райондук аңчы адистери Чоң-Кемин өрөөнүндө текшерүү иштерин жүргүзүштү.

Текшерүү иштеринин жыйынтыгында Көк-Ойрок жайлоосундагы Долоноту участогунда мал багып иштеп жүргөн Ысык-Көл областынын тургуну А.К аттуу жарандын чатырынан мыйзамсыз атылып союлган жапайы тоо эчкисинин эти жана документтери жок 12-калибрдеги ИЖ-18 үлгүсүндөгү бир даана мылтыгы менен кармалып, аталган факт боюнча материалдар жана далилдер тийиштүү органдарга өткөрүлүп берилди.  

Эскерте кетсек, жапайы тоо эчкиге мыйзамсыз аңчылык үчүн 100 миң сом айып пул салынат.