Марал Радиосу

Өзбекстандын Жогорку соту репрессиянын курмандыктары болгон 240 адамды актады

Өзбекстандын Жогорку соту репрессиянын курмандыктары болгон 240 адамды актады.

Коңшу Өзбекстанда тарыхий адилеттүүлүктү камсыздоо үчүн, саясий режим тарабынан күнөөсүз айыпталгандарды аныктоо жана аларды актоо иштери бир канча этаптын негизинде ишке ашып жатат.

24-августта Жогорку сотто совет учурундагы 1929-1931-жылдары азыркы Каракалпакстан республикасы, Сурхандарыя, Навои, Самарканд жана Кашкадарыя аймактарында «басмачылык аракети» боюнча айыпталган 240 адамдын кылмыш иши каралып, натыйжада Өзбекстан ССРи жана Казакстан ССРинин жарандары акталды.

Буга чейин да Өзбекстанда бир катар репрессия курмандыктарын актоо иштери жүргөн.