Марал Радиосу

«Акылман» президенттик лицейине 75 окуучу кабыл алынды

2023-2024-окуу жылына карата “Акылман” президенттик лицейине тандоо сынагы аркылуу 75 окуучу кабыл алынды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги маалымдайт.

2023-жылдын 15-августунан 22-августуна чейин жүргүзүлгөн тандоо сынагына республика боюнча 1 миң 220 окуучу катышты.

Тандоо экзаменинин жыйынтыгы боюнча кабыл алынган окуучулардын саны:

— Бишкек шаары – 3
— Чүй облусу – 9
— Ысык-Көл облусу – 8
— Нарын облусу – 5
— Талас облусу – 3
— Жалал-Абад облусу – 17
— Ош шаары – 3
— Ош облусу – 18
— Баткен облусу – 9

Лицейге бардык региондордон, ошондой эле аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн жана калктын башка аярлуу категорияларынан таланттуу балдар тандалып алынды. Тизме: https://edu.gov.kg/posts/1987/

Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыктын негизинде Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында мамлекеттик адистештирилген жалпы билим берүү уюму формасында “Акылман” президенттик лицейи» мекемеси түзүлгөн.

Президенттик лицейге 6-классты ийгиликтүү аяктаган окуучулар тапшыра алышат. Мекеме түздөн-түз Билим берүү жана илим министрлигине баш ийип, педагогикалык _ кызматкерлеринин эмгегине акы төлөөнүн жакшыртылган шарттары каралат.

Лицейди түзүүнүн негизги максаты өзгөчө шыктуу балдарды окутуу, таланттуу жаштарды андан ары колдоо жана интеллектуалдык жактан өнүккөн муунду калыптандыруу болуп саналат.