Марал Радиосу

Ысык-Көлдө эки райондун акимдери кызматтан кетти

Ысык-Көл облусунда Ысык-Көл жана Түп райондорунун акимдери кызматтан өз каалоосу менен кетүү боюнча арыздарын жазды.

Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, КРнын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-пунктуна ылайык Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — аким Жумадылов Калыбек Аманатович өз каалоосу менен ээлеген кызматынан бошотулду.

Ошондой эле, Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Түп районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — аким Адиев Каныбек Маматбекович өз каалоосу менен ээлеген кызматынан бошотулду.

Буга чейин Ысык-Көл облусунда жыйын өтүп, анда аталган райондун акимдерине сөгүш жарыяланганы айтылган болчу.