Марал Радиосу

Бишкек: Үч күндө 80 миң «Тулпар» төлөм картасы сатылды

Бишкекте үч күндө 80 миң «Тулпар» жол картасы сатылды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

20-августтан тарта Бишкекте автобустар менен троллейбустарда электрондук төлөмгө өттү. Бул үч күн ичинде электрондук түрдө 91 миң жол кире төлөнгөн.

Ошондой эле жүргүнчүлөр жол кире акысын төмөнкү карталар менен дагы төлөй алышат:

— VISA жана «Элкарттын» контактсыз карталары;
— «Тулпар», Mbank, Megapay, Balance, «O!Деньги» мобилдик тиркемелерирнде QR-сканирлөө аркылуу;
— NFC`тин виртуалдык карталары менен.