Марал Радиосу

№26 Ленин округунда 127 315 шайлоочу катталган

№26 Ленин шайлоо округу боюнча контролдук тизмедеги шайлоочулардын саны 127 315, анын ичинен 55 520 эркектер жана 71 795 аялдар. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.

Шайлоо мезгилинде шайлоочулардын тизмесин актуалдаштыруусу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын берилген маалыматтарынын жана шайлоочулардын тиешелүү участкалык шайлоо комиссиясына берилген арыздарынын негизинде күн сайын жүргүзүлөт.

Шайлоочулар тизмесин тактоо үчүн:

Кандайдыр бир каталарды же так эместикти тапкан учурда, ошондой эле шайлоочулардын тизмесинде жок болсоңуз, 2023-жылдын 22-сентябрына чейин (кошуп алганда) Сиз Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортунун көчүрмөсүн тиркеп, шайлоочулардын тизмесиндеги маалыматтарды тактоо жѳнүндѳ арыз менен тиешелүү участкалык шайлоо комиссиясына кайрылууга укуктуусуз. Мында шайлоочу биометрикалык идентификациядан өтөт.

Арызды электрондук форматта мыйзамдарда белгиленген тартипте авторлоштуруудан өтүп, «tizme.gov.kg» сайтында «Шайлоочунун кабинети» сервиси аркылуу тапшырса дагы болот.

Биометрикалык каттоодон өтпөгөн жарандар Калкты тейлөө борборлорунан (КТБ – ЦОН) бул жол-жободон өтүп, паспортундагы дарек маалыматтарын актуалдаштыра алышат.