Марал Радиосу

Кыргыз-казак чек арасында унаалардын кезеги пайда болду

Кыргыз-казак чек арасында жүк ташуучу унаалардын узун кезеги пайда болду. Бул тууралуу чек ара кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, кечээ, 21-августта «Ак-Тилек» өткөрмө пунктунда кезек күтүп турган жүк ташуучу унаалардын саны 370ке жеткен.

«Чек ара кызматынын өкүлдөрү Чүй участогу боюнча маселени казак тарап менен сүйлөшүү аракеттери жүрүп жатат. Кыргыз тарап жүк ташуучу унааларды өткөрүүдө эч кандай чектөө коюлбаганын, кадимкидей тартипте иштеп жатканын билдирет жана казак тарап 09:00дөн 18:00гө чейин үч унааны гана өткөргөн», — деп айтылат маалыматта.