Марал Радиосу

ЖКККББ айдоочулары базарлардын айланасында тыгын жаратпоого чакырат

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы айдоочулардан  базарлардын айланасында жол тыгындарын жаратпоого чакырат.

«Окуу жылынын  башталышына саналуу күндөр калгандыктан,  азыркы учурда баардык базарларда, соода кылуучу түйүндөрдө  ата-энелер балдарына кийим кылушууда. Ошого байланыштуу, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы (ЖКККББ)  жалпы айдоочулардан унааңыздарды базарлардын ичине,  жолдордун экинчи катарларына, маршруттук унаа токтоочу аялдамаларга, эл басуучу тратуарларга токтотуп, базарларга  кирип кетпөөңүздөрдү өтүнөт», — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле, башкармалык айдоочуларды унаанын алдыңкы терезесине уюлдук телефон номурун калтырып кетүүнү өтүнөт.