Марал Радиосу

Президент Садыр Жапаров иш сапары менен Венгрияга барат

Президент Садыр Жапаров Венгриянын премьер-министри Виктор Орбандын чакыруусу менен бүгүн, 20-августта Будапешт шаарына иш сапары менен барат. Бул тууралуу КР Президентинин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

Бул визиттин алкагында президент Венгриянын улуттук майрамына жана Жеңил атлетика боюнча дүйнөлүк мелдешке (2023-жылдын 19-29-августунда өтөт) байланыштуу иш-чараларга катышат.

«Аталган иш-чарага башка мамлекет башчыларынын да катышуусу күтүлүүдө. Иш сапардын алкагында Президент Садыр Жапаров Венгриянын Премьер-министри Виктор Орбан менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

Тараптар эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, ошондой эле өз ара карым-катнаштын келечегин талкуулашат», — деп билдирди Муратбек Азымбакиев.