Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, 20-августта Кыргызстандын аймагында түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, калган аймактарда жаан жаабайт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +13…+18, күндүз +30…+35
Талас облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +27…+32
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +15…+20, күндүз +32…+37
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +23…+28
Нарын облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +25…+30
Бишкекте жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +15…+17, күндүз +33…+35 жылуу болот.