Марал Радиосу

Өмүрбек Текебаев Финляндияга да элчи болду

Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев Берлин шаарындагы резиденциясын айкалыштыруу менен Кыргызстандын Финляндиядагы элчиси болуп дайындалды.

Буга байланыштуу жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев Кыргызстандын Германиядагы элчиси болуп 2022-жылы февралда дайындалган.