Марал Радиосу

Чүй облусунда быйыл 7 жаңы мектеп ишке берилет

Чүй облусу боюнча 7 жаңы мектеп ишке берилет. Бул тууралуу Президенттин Чүй облусундагы өкүлчүлүгү билдирирдиЫсык-Ата районунда төрт мектеп ачылса, Аламүдүн, Сокулук жана Жайыл райондорунда бирден билим берүү мекемеси даярдалууда.

Ысык-Ата районунун Логвиненский айыл өкмөтүнүнө караштуу мектеп 250 орунга, Ново-Покровка айылындагы Н.Баранова атындагы мектеп — 225 орунга ылайыкталса, Ивановка жана Тогуз-Булак айылдарындагы мектептер 150 орундуу эсептелет.

Аламүдүн районундагы Пригородное айылында 500 орундуу чоң мектептин курулушу толук бүткөрүлдү. Ошондой эле, Сокулук районуна караштуу Жаңы-Пахта айыл аймагынын Мирный айылындагы мектеп 275 окуучуга, ал эми Жайыл районунун Сосновка айылындагы мектеп 225 баланын билим алуусуна шарт түзмөкчү.