Марал Радиосу

Статистика: Баш кошкондордун саны былтыркыга салыштырмалуу азайды

Кыргызстанда акыркы жарым жылдын ичинде 19 миң жуп расмий түрдө баш кошушту. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинин Калкты каттоо департаменти билдирди.

Жылдын биринчи жарым жылдыгында республика боюнча 19 миң 347 үй-бүлө никелерди расмий түрдө каттады. Өткөн 2022-жылдын ушул мезгилине салыштырганда никелердин каттоолордун саны 2 687ге азайды.

Биринчи жарым жылдыкта борбор калаабыздын Бакыт өргөөсүндөгү баш кошкон эң популярдуу күн катары – 23.03.23 болду. Бул кооз, шайкеш келген датада расмий түрдө 62 баш кошуу аземдери болуп өткөн. Жарым жылдын ичинде Бакыт өргөөсүндө өздөрүнүн мамилелерин 1 миң 505 жуп расмий катташкан.

Статистикага ылайык, ажырашкандардын саны төмөндөп жаткандыгы байкалууда. Алсак, 2022-жылдын биринчи жарым жылдыгында 6 067 жуп ажырашса, быйыл 5 814 жуп ажырашышкан.