Марал Радиосу

Боом капчыгайындагы жол кырсыгында үч адам каза болду

Кечээ, 15-августта болжол менен саат 16:30 чамасында Бишкек –Торугарт унаа жолунун Боом капчыгайында жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы маалымдады.

Маалыматта айтылгандай, Боомдо Тайота Авенсис үлгүсүндөгү авто унаа менен Мерседес-Бенц авто унаалары кагылышып, натыйжада үч жүргүнчү мүрт кеткен. Ал эми дагы алты жаран ооруканага жеткирилген.

Азыркы учурда тийиштүү материалдар чогултулуп, тергөө амалдары жүрүүдө.