Марал Радиосу

Милиция кызматкерлери Таиландтан келген туристтерге жардам көрсөтүштү

Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгын жана Таш-Көмүр ШИИБдин кызматкерлери Таиландтан келген туристтерге жардам көрсөтүштү.

Таиланд жана Англиядан келген туристтер Кыргызстандын тоолу аймактарын кыдырып жүрүп, Ош-Бишкек унаа жолунун 451-чакырымында авто унаасы бузулуп, бир нече күндөн бери унаасын оңдой албай туруп калышкан. Аларды ЖКККББнын Жалал-Абад облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн жана Таш-Көмүр ШИИБдин кызматкерлери көрүшүп, бузулуп калган авто унаасын Таш-Көмүр шаарына чейин кошумча техника менен сүйрөп келип беришкен. Ал эми, туристтерге тамак-аш, суусундуктарды алып беришкен.

Өз кезегинде туристтер милиция кызматкерлеринин көрсөткөн жардамын бийик баалап, рахматын айтып ыраазычылык билдиришкен.