Бүгүн, 14-августта Кыргызстанда жалпы билим берүү уюмдарынын мугалимдери үчүн жаңы 2023/2024-окуу жылына карата усулдук жардам берүү максатында вебинарлар башталды. Бул тууралуу Билим берүү министрлиги билдирди.
“Мектепке чейинки билим берүү уюмдарында санариптик технологияларды колдонуунун жолдору”;
“Мектепке чейинки билим берүү уюмдарында кыргыз тилин үйрөтүүдө колдонуучу жаңы методдор жана технологиялар”;
“Практикага багыттап окутуу кенже мектеп окуучуларынын компетенттүүлүктөрүн калыптандыруунун негизи катары”;
“5-11-класстарда “Грамматикадан кепке технологиясын” колдонуу”;
“2023-2024-окуу жылында кыргыз адабияты предметин окутуу боюнча методикалык сунуштар”;
“Орус тилин экинчи тил катары окутууда текстке борборлоштурулган мамиле”;
“Адабият сабагындагы суроолор жана жооптор: канткенде окуучунун үнүн угабыз”