Марал Радиосу

Мугалимдерге усулдук жардам берүү максатында вебинарлар башталды

Бүгүн, 14-августта Кыргызстанда жалпы билим берүү уюмдарынын мугалимдери үчүн жаңы 2023/2024-окуу жылына карата усулдук жардам берүү максатында вебинарлар башталды. Бул тууралуу Билим берүү министрлиги билдирди.

Вебинарлар Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун базасында Zoom платформасы аркылуу өтүп, ага 7 миңге жакын педагог катышууда.
Вебинарлардын темалары:

 “Мектепке чейинки билим берүү уюмдарында санариптик технологияларды колдонуунун жолдору”;

 “Мектепке чейинки билим берүү уюмдарында кыргыз тилин үйрөтүүдө колдонуучу жаңы методдор жана технологиялар”;

 “Практикага багыттап окутуу кенже мектеп окуучуларынын компетенттүүлүктөрүн калыптандыруунун негизи катары”;

 “5-11-класстарда “Грамматикадан кепке технологиясын” колдонуу”;

 “2023-2024-окуу жылында кыргыз адабияты предметин окутуу боюнча методикалык сунуштар”;

 “Орус тилин экинчи тил катары окутууда текстке борборлоштурулган мамиле”;

 “Адабият сабагындагы суроолор жана жооптор: канткенде окуучунун үнүн угабыз”