Марал Радиосу

Москвада бир доллар 100 рублдан ашты

Москва биржасында доллар соңку 16 айдын ичинде биринчи жолу 100 рублдан ашты. Мындай көрсөткүч акыркы жолу 2022-жылы мартта катталган болчу.

Учурда Москвада 1 доллар 101 рубль деп бааланууда. 11-августта бул көрсөткүч 1 рублга аз болчу.

Ал эми евро дээрлик 110 рублга чейин көтөрүлдү.

Орусия президенти Владимир Путиндин жардамчысы Максим Орешкин бул абал боюнча комментарий берип, доллардын баасынын көтөрүлүшү экономикага терс таасирин тийгизерин айтып, бирок жакынкы аралыкта абал бир нукка түшөт деп айткан. Орусиянын Борбордук банкы өлкөнүн экспорту азайганын, ички рыноктун керектөөсү көбөйгөнүн белгилеп, мунун баары доллардын кунуна таасир берип жатат деп билдирген.