Марал Радиосу

Өлкө аймагында бир жума ичинде 21 203 жол эрежелерин бузуу фактылары катталды

Өлкө аймагында бир жума ичинде 21 203 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды.

КР ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тарабынан 7-августтан 13-августка чейин, 21 203 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды.

Алардын ичинен:

-Тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу-277;

-Мас абалында авто таранспорт каражатын башкаруу -241;

-Авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу-53;

-Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эрежелерин бузуу фактылары-1 167;

-Транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу-4 190;

-Авто ээнбаштык – 8;

-Белгиленген ылдамдыктан ашуу- 4 832;

-Башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 10 435;

Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 1 424 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.

КР ИИМдин ЖКККББгы айдоочулардан жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.