Марал Радиосу

Кыргыз тилиндеги берүүлөрдүн нормасын сактабаганы үчүн эки телеканалга айып салынды

Маданият министрлиги тарабынан жарым жыл ичинде 7 телеканалга пландуу текшерүү жүргүзүлдү.

Текшерүүнүн жүрүшүндө “312 КИНО” жана “312 ТВ” телеканалдарында “Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесинин 2-пунктунун 2-пунктчасынын ченемдери сакталбагандыгы аныкталган. Тагыраак айтканда, эки телеканал кыргыз тилиндеги берүүлөрдүн нормасын сактаган эмес.
Буга байланыштуу Министрлик тарабынан “312 кино”, “312 ТВ” телеканалдарына карата чара көрүлдү. Тактап айтканда айып пул салынды.

Ал эми, “312 Музыка”, “НТС” (Жаша), “Кью спорт” (Q-Sport Arena), “Бакайнур-Мега” (Next TV), “Тумар ТВ” телеканалдарына пландуу текшерүү жүргүзүлүп, жыйынтыгында мыйзам бузуулар катталган жок.