Марал Радиосу

Жазаларды аткаруу кызматынын ведомстволук бала бакчасы ачылды

Жазаларды аткаруу кызматынын Чүй облусунун Молдовановка айылында жайгашкан №19 абагында ведомстволук бала бакча ачылды.

Маалым болгондой, бала бакча капиталдык оңдоодон кийин ачылды, ал 240 орунга ылайыкталган.

Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров президенттин атынан Жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумунун кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктап, жазык-аткаруу тутумунун кызматкерлеринин эмгегинин маанилүүлүгүн белгиледи.

Ал ошондой эле буга чейин жазык-аткаруу системасын каржылоо калдык принцибинде ишке ашырылып келгенин белгиледи.

“Алыс барбайлы, Жазаларды аткаруу кызматына 2015-жылы 900 млн сом каралса, азыр акыркы эки жылда 3 млрд сомго чейин каражат каралды. Бул каражаттар биринчиден – кызматкерлердин айлыктарын, ардагерлердин пенсиясын көтөрүүгө, бүгүнкүдөй турмуш-шартын жакшыртууга жумшалууда, экинчиден Жазаларды аткаруу мекемелери шаар сыртына көчүрүлүп жатат. Мындан тышкары, Юстиция министрлигинин жетекчилиги тарабынан кылмыш жазаларын аткаруу тутумун реструктуризациялоо, электрондук билериктерди, сыноо мөөнөтүн жана айып салуу системасын киргизүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Министрлер кабинети системаны өркүндөтүүгө багытталган идеяларды колдоого дайым даяр”, — деп белгиледи Акылбек Жапаров.

Андан соң бала бакчанын окуу класстарын, коридорлорун, тамак-аш сакталуучу кампасын, ашканасын жана жалпы аймагын көрүп чыкты.

Белгилей кетсек, оңдоо-калыбына келтирүү жана курулуш иштерине 30 млн сомго жакын бөлүнгөн, мындан тышкары, бала бакчанын керектөөсүнө министрлер кабинетинин төрагасынын Резервдик фондунан 200 миң сом бөлүнгөн.

Exit mobile version