Марал Радиосу

Айыл чарба министрине жаңы орун басар дайындалды

Бүгүн, 9-августта Алияскаров Маил Алияскарович Айыл чарба министринин орун басары болуп дайындалды.

Тийиштүү тескемеге Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров кол койгон.

Жаңы дайындалган министрдин орун басары ветеринардык тармак, балык жана мал чарбасы боюнча жооптуу болот.

Маил Алияскаров 1977-жылы 20-июлда Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Казарман айылында туулган. 2006-жылдан тарта айыл чарба тармагында эмгектенип келген.
2021-жылы Чүй облусунун Панфилов райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы болуп дайындалган.