Марал Радиосу

Кайра шайлоо: Талапкер болууга арыз бергендердин саны 25ке жетти

Борбордук шайлоо комиссиясына Бишкектин №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаты болууга арыз бергендердин саны 8-августка карата 25ке жетти.

Өзүн-өзү депутаттыкка көрсөткөндөр: Эртай Исаков, Алмаз Аскар уулу, Эркин Булекбаев, Роман Ремнёв, Турсунбай Бакир уулу, Куттубек Асылбеков, Назарбек Нышанов, Сулайман Мамаев, Токтогул Какчекеев, Жаныбек Абиров, Русланбек Тагаев, Бакыт Шаршембиев, Нургүл Сооронбаева, Мурат Эсенаманов, Ыргал Кадыралиева, Ханзада Осмоналиева, Жамалбек  Ырсалиев, Илимбек Аттокур уулу, Таалайбек  Кермалиев, Кубанычбек Самаков, Чынгыз Капаров, Нургул Аднаева, Руслан Ажыбеков, Жеенбек  Искендеров,  Карачач Исмаилова.

БШКнын жумушчу тобу 2-августта ушул округдан депутат болгон, мандатын мөөнөтүнөн мурда тапшырган Жаныбек Абировдун кайра шайлоого катышуу арызын четке каккан.
Анда Абиров мандатын тапшырганы үчүн шайлоо өнөктүгү башталганын, ал башкалар шайлануусу үчүн орун бошотуп бергени үчүн кайра шайлоого катышпашы керектиги айтылган.

Абиров быйыл март айында өзү катышкан мушташтан улам мандатын тапшырган.
Боршайком кайра шайлоону 10-сентябрга белгилеген. Талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 10-августта аяктайт.
Бир мандаттуу Ленин округу боюнча кайра шайлоого катышып жаткан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлер 10-август күнү саат 18:00гө чейин шайлоо күрөөсүн төлөшү керек.

 

Exit mobile version