Марал Радиосу

Тажикстан Кыргызстан менен 101,86 км чек ара сызыгы демаркацияланганын билдирди

Кыргызстан менен Тажикстан чек арадагы талаштуу аймактардын болжолдуу долбооруна кол койгонун «Sputnik Тажикстан» басылмасы тажик аткаминерине шилтеме берип жазды.

Кечээ, 7-августта тажикстандык ММКлар өлкөнүн Жерди башкаруу жана геодезия мамлекеттик комитетинин башчысы Ориф Хожазоданын билдирүүсүнө таянып, кыргыз-тажик чек арасындагы 101,86 км аралык демаркацияланганын жазды.

Хожазода эки өлкөнүн ортосунда түзүлгөн топографиялык комиссиясынын ортосунда 7 жолу жолугушуу болгонун да билдирген.

Буга чейин Тажикстандын Согди облусунун башчысы Ражаббой Ахмадзода Кыргызстандын президентинин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Абдикарим Алимбаев менен жолуккан.