Марал Радиосу

Мэрия: «Ош Сити» акылдуу шаары курулат

Кечээ, 2-августта Ош шаарынын административдик-аймактык реформа жүргүзүү долбоору талкууланды.

Жыйынды Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары Марс Исаев алып барып, анын алкагында Ош шаарынын 2025-жылга чейинки башкы планы боюнча даярдалган презентация көрсөтүлдү. Анда Ош шаарынын аймагын кеңейтип, жаңыдан кошулган жерлерге кичи райондорду, өнөр жай-соода борборлорун куруу менен шаардын калкын 1 миллион адамдан ашыруу максаты негиз болгону айтылды.

Аны менен катар жаңы аймактарда бир катар ири инвестициялык долбоорлор сунушталды:
— 500дөн ашык көп кабаттуу турак жайдан турган “Ош Сити” акылдуу шаарын куруу;
— Шаардын түндүк-батыш тарабына өнөр жай-соода зонасын куруу;
— Шаар аймагына жаңы кичи райондорун куруу;
— Шаардын түндүк тарабындагы 32 га жер тилкесине чыгыш стилиндеги муниципалдык базарды куруу.

Аталган долбоорлордун негизинде жыйында бир катар сунуш, ой-пикирлер айтылып, кызуу талкуу жүргөн. Соңунда жумушчу топко идеялык сунуштарды иштеп чыгуу тапшырмасы берилген.

Кошумчалай кетсек, «Ош Сити» акылдуу шаарына каржылоо кайсы булактан ишке ашырыла турганы боюнча маалыматтар айтылган эмес.