Марал Радиосу

Кара-Кулжа районундагы Кайым-Талаа айылындагы мектептен өрт чыкты

Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районунун Кызыл-Жар айыл аймагына караштуу Кайым-Талаа айылындагы мектептен өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган мектептеги өрт бүгүн, 2-августта чыккан. Учурда мектептен чыккан өрт саат 15:28де курчоого алынды.

Азырынча өрттүн келип чыгуу себептери белгисиз. Өрт өчүрүү иштери уланууда.