Марал Радиосу

Орусия: 10дон ашык аскер комиссариатына өрт коюу аракети катталды

Орусияда акыркы үч күндө 14 аскер комиссариатынын имаратына өрт коюу аракети катталды. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазды.

Маалыматта Санкт-Петербург, Москвага жакын Можайск жана Подолск, Казан, Омск, Калуга, Верхнеуралск (Челябинск облусу), Россоши (Воронеж облусу), Волск (Саратов), Копейск (Челябинск), Агинское кыштагында аскер комиссариатынын имараттарына өрт коюуга аракет кылышкан.

Учурда бул өрт коюуга аракет кылуу иштерине байланыштуу үч аял кармалган. Алардын бири 54 жаштагы Ирина Копейск аймагындагы аскер имаратына өрт коюуга шектелип кармалган. Ал «Молотов коктейлин» имараттын короосуна ыргыткан. Ушундай эле окуя Верхнеуралск аймагында да катталып, анда 34 жаштагы Дарья аттуу аял кармалган.Калуга шаарындагы аскер комиссариатындагы кол салууга 78 жаштагы пенсионер аял шектелүүдө.

Алдын ала маалыматтар боюнча кармалган аялдар бул кадамга барууга аларды телефон аркылуу кимдир бирөө мажбурлаганын айтышкан. Учурда бул иш тергелүүдө.

Эскерте кетсек, буга чейин да Орусияда аскер комиссариатын өрттөө аракеттери катталып, айрымдары 19 жылга чейин эркинен ажыратылган.