Марал Радиосу

Унааны кайра каттоодо ОСАГО полиси милдеттүү болушу мүмкүн

Автоунааны кайра каттоо учурунда милдеттүү камсыздандыруу (ОСАГО) полиси  автоунаа ээлеринен талап кылынышы мүмкүн. Финансы рыногун жөнгө салуу кызматы буга байланыштуу токтом долбоорун сунуштады.

Аталган мекеме муну менен ОСАГО полисине суроо-талап көбөйөт деп билдирип, учурда автоунаасын камсыздагандардын саны аз болуп жатканын жүйөө келтирген.

Финкөзөмөл кызматы жарыялаган документте жол кырсыгы катталган учурда автокамсыздандыруу кайсы чыгымдарга жардам берери көрсөтүлгөн. Алар:

-унаа ээлери үчүн бардык финансылык тобокелдиктерди кыскартуу жана жабырлануучу тарапка зыянды төлөп берүү;
-үчүнчү жактын транспортун калыбына келтирүү жана ремонттон өткөрүүгө мүмкүнчүлүгү жок айдоочуларды социалдык коргоо менен камсыздоо.

Буга чейин 2023-жылдын 1-январынан тарта кыргызстандыктар үчүн ОСАГО полисин каттоо милдеттендирилген. Анда камсыздандыруу милдетүү болорун жана Кыргызстанда транспорттун бардык түрүнө киргизилери да айтылган.

Ушул жылдын 1-апрелинен тартып ОСАГО полиси жокторго айып салынары айтылып, жеке жактарга 3000 сом, ал эми юридикалык жактарга 13 миң сом деп белгиленген. Бирок парламентте бул маселе көтөрүлүп, өкмөттүн токтомун аткарууну 2024-жылдын 1-январына чейин убактылуу жылдырышкан.

Учурда Кыргызстанда 15 компания унааны камсыздандыруу кызматын көрсөтөт. Базалык камсыздандыруунун баасы — 1680 сом.