Кыргызстандын Улуттук банкы эсептик ченди 13 пайыз деңгээлинде сактап калды. Банктын расмий өкүлү Аида Карабаева билдиргендей, 2023-жылдын июль айында инфляция жылдык мааниде 10,3 пайызды түзгөн.
Азык-түлүк товарларына баанын өсүшү 2022-жылдын декабрындагы 15,8 пайыз деңгээлинен 6,9 пайызга чейин төмөндөгөн.
2023-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын экономикасы 3,9 пайызга өсүштү көрсөткөн. Буга кызмат көрсөтүү секторундагы өсүш салым кошкон.
Мындан тышкары, дүйнөлүк азык-түлүк рынокторундагы баалардын төмөндөө динамикасы ички баалардын динамикасына таасирин тийгизген.
Аида Карабаева билдиргендей, өлкөдө валюта рыногундагы кырдаал да салыштырмалуу туруктуу. Жыл башынан тарта 1-августка чейин АКШ долларынын сомго карата расмий курсу 2,37 пайызга өскөн. Бүгүнкү күндө доллардын курсу 87,70 сомду түзөт.
2023-жылдын башынан 28-июлга чейин алмашуу курсунун кескин өзгөрүүсүн текшилөө максатында Улуттук банк 10 жолу интервенция жүргүзүп, 500 млн доллар сатты.
Былтыр Улуттук банк 486 млн доллар суммасында чет өлкө валютасын сатуу боюнча 8 интервенция жана 190 млн АКШ долларын сатып алуу боюнча 7 интервенция өткөргөн.