Марал Радиосу

«Айыл чарбасын каржылоо — 11». Жалпы 3,2 млрд сом насыя берилди

«Айыл чарбасын каржылоо -11» долбоору боюнча 2023-жылдын 27-июлуна карата эки категория боюнча 3 млрд 229 млн 488 миң сомго 7 миң 178 насыя берилди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен кабарлашты.

Анын ичинен өсүмдүк өстүрүү категориясы боюнча жалпы 837 млн 173 миң сом насыя берилди, мал чарбачылыкка 2 млрд 392 млн 315 миң сом.

«Айыл чарбасын каржылоо -11» долбоорунун насыялары «Айыл Банк» жана «РСК Банк» аркылуу берилет.

Министрлер кабинети «Айыл чарбасын каржылоо-11» долбоорун быйыл мартта бекиткен. Долбоор 2023-жылы айыл чарба иштерин өз убагында жүргүзүүдө айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатын көздөйт.

Exit mobile version