Марал Радиосу

«Дордойдогу» бомба тууралуу маалымат жалган болуп чыкты

Бишкектеги «Дордой» базарындагы бомба тууралуу маалымат тастыкталган жок. Бул тууралуу Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.

Бүгүн, 29-июль күнү эртең менен «Дордой» жана «Алкан» базарынын аймагына бомба коюлганы тууралуу маалымат тараган.

Окуя болгон жерге райондук милициянын тергөө-ыкчам тобу барган. Базардын аймагын курчоого алып, базардын кызматкерлери менен кардарлар эвакуацияланып, издөө иштери жүргөн.

Буга чейин да 21-июль күнү «Дордойдо» бомба бар экени тууралуу жалган маалымат айтылган.