Марал Радиосу

«Дордой» базарында бомба тууралуу маалыматтан улам эл кайрадан эвакуацияланды

Бишкектеги «Дордой» базарында «бомба коюлду» делген маалымат боюнча эл кайрадан эвакуацияланды. Бул тууралуу Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, бүгүн саат 10:12 чамасында «Дордой» базарынын жана анын аймагындагы «Алкан» базарына бомба коюлганы тууралуу милицияга билдирүү түшкөн.

Окуя болгон жерге Свердлов райондук милициясынын тергөө-ыкчам тобу барды. Базардын аймагы курчоого алынып, келгендер жана жумушчулар эвакуацияланган. Жеринде кинологдор иштөөдө.

Буга чейин 21-июлда «Дордой» базарына бомба коюлду делген маалымат тарап, бомба табылган эмес.

Exit mobile version