Марал Радиосу

Акын Гүлзада Станалиеванын алгачкы ырлар жыйнагы чыкты

Акын Гүлзада Станалиеванын «Иңир» деп аталган ыр китеби жарык көрдү.
Анын буга чейин илимий жана окуу китептери да чыккан.

Гүлзада Станалиеванын бул ыр жыйнагында адам тагдыры, ошол тагдырдагы адамдын көргөн кубанычы, кайгысы, сүйүүсү, бактысы, бактысыздыгы тууралуу ойлору камтылган.

Жан дүйнөсүндө жашап, ички сезим-туюмун тынч алдырбаган ырлары поэзия ааламына алып келип, алгачкы жолу ырлары жарыяланып жатат.

Китеп окурмандардын кеңири чөйрөсүнө арналат.

«Жан дүйнөнүн китебин жарыкка чыгаруунун кубанычы менен толкуну башка болот экен. Китептин жасалгасына да, сүрөттөрүнө да, мукабасына да, алтургай кагазына да өтө маани берип атып, басылышын кыйлага создуктурдум. Анткен менен бул бөтөнчө рахат берген өтө таттуу «түйшүк» болду», — деди ал.

Акындын «Иңир» ырлар жыйнагы Бишкектин «Ала-Тоо» аянтында жайгашкан «Сонун го» китеп дүкөнүндө сатылат.

Exit mobile version