Ош шаарынын түндүк тарабынан айланып өтүүчү мамлекеттик маанидеги «Айланма Ош» автожолунун 12-17 чакырымында, тагыраагы Т-түрүндөгү кесилиштен тарта Ош-Кара-Суу автожолуна чейин асфальтбетон төшөөдө мыйзам бузулганы аныкталды.
Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, тийиштүү кызмат адамдары 2021-жылы жана 2023-жылы аткарылган иштерди кабыл алуу актыларына иш жүзүндө төшөлбөгөн асфальтбетонду орнотуу боюнча иштерди жогорулатылган баада киргизишкен жана жол иштери сапатсыз аткарылгандыктан айрым жол катмарлар деформацияланып кеткендиги аныкталган.
Бул ишке Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин «Кыргыз автожол» мамлекеттик ишканасынын №21 жол тейлөө ишкананын, Жол чарба департаментинин №5 регионалдык бөлүмүнүн жана “В.С.Л.” ЖЧКнын кызмат адамдарынын тийиштиги бар экени маалым болду. Натыйжада мамлекетке жалпы 2 млн 683 миң 786 сомдук зыян келтирилген.
Бул факты боюнча Ош облусунун прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”), 210-беренеси (“Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу”) жана 346-беренеси (“Кызматтык жасалмачылык”) менен кылмыш иш козголду.
Тергөөнүн жүрүшүндө Ош областынын прокуратурасы тарабынан №21 жол тейлөө ишканасынын башкы инженери М.М. шектүү катары кармалып, убактылуу кармоо изоляторуна киргизилди.
Учурда тергөө аракеттери улантылууда.