Марал Радиосу

«Эл үмүтү» стипендиясына ээ болгон студенттердин тизмеси жарыяланды

Президенттин «Эл үмүтү» эл аралык стипендиясын ыйгаруу боюнча Республикалык комиссиянын жыйыны өттү. Бул туралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

2022-2023-окуу жылында “Эл үмүтү” стипендиясы ыйгарылган экинчи окуу жылындагы стипендиаттардын тизмеси жана 2023-2024-окуу жылына карата стипендияга талапкер болгондордун тизмеси жарыяланды.

2022-2023-окуу жылында КР президентинин «Эл үмүтү» эл аралык стипендиясына татыктуу болгон экинчи окуу жылынын стипендиаттарынын тизмеси:

КР президентинин 2023-2024-окуу жылына карата «Эл үмүтү» эл аралык стипендиясына талапкерлердин тизмеси:

Белгилей кетсек, «Эл үмүтү» эл аралык стипендиясы таланттуу жаштарга чет өлкөдө билим алууга колдоо көрсөтүү жана шыктануусун арттыруу, социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары боюнча жаңы муундун адистерин даярдоо үчүн шарттарды камсыз жана колдоого багытталган.