Марал Радиосу

JIA бизнес-ассоциациясы ишкерлерди Ошко чакырат

JIA бизнес-ассоциациясы 19-20-август күндөрү «Көчмөн» бизнес аянтчасын уюштурат. Иш-чара бул жолу Ош шаарында өтөт.

«Көчмөн» форумун өткөрүүнүн максаты өлкө аймактарындагы ишкерлердин бири-бири менен таанышуусуна, пикир алмашуусуна, кызматташуусуна аянтча түзүү болуп эсептелет.

Иш-чара эки күнгө созулуп, тажрыйбалуу ишкерлердин кеңештери, туризм жана кызмат көрсөтүү багытын даңазалаган көргөзмө, улуттук оюндар өткөрүлөт.

Ушундай эле форматтагы форум Талас, Ысык-Көл облустарында өткөн.

JIA бизнес-ассоциациясы ишкерлердин инновациялык, социалдык жоопкерчиликтүү жана ачык коомун өөрчүтүүнү көздөгөн коммерциялык эмес уюм. Өлкөдө 15 жылдан ашык убакыттан бери иштеп келет.

Ассоциация Кыргызстанда гана эмес, анын чегинен сырткары дагы 1200дөн ашык компанияны, чакан, орто жана ири бизнести бириктирет. JIA 2006-жылы республиканын бизнесмендеринин демилгеси менен түзүлгөн. Бүгүнкү күндө бул тармактык комитеттер, клубдар, ишкердикти колдоо борборлору жана мыкты адистери бар көп секторлуу уюм.

Exit mobile version