Саламаттык сактоо министрлиги Ошто облустар аралык онкология борборун курууну пландоодо. Бул тууралуу 26-июлда Саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова Ислам өнүктүрүү банкынын аймактык өкүлчүлүгүнүн башчысы Ибрахим Шукри менен жолугушуусунда айтылды.
Жолугушууда аймактагы саламаттыкты сактоо тармагын жакшыртуу боюнча кызматташуунун маанилүү маселелери талкууланды.
Анын ичинде Нарын облустук бириккен ооруканасынын аймагына кошумча имарат курууга, ошондой эле Ош облустар аралык онкология борборунун заманбап имаратын курууга көмөктөшүү мүмкүнчүлүгү талкууланды.
Министр Гүлнара Баатырова Ислам өнүктүрүү банкына бул долбоорлорго финансылык жана техникалык колдоо көрсөтүүгө даярдыгы үчүн ыраазычылык билдирди. Ал ошондой эле Кыргызстанга 2021-жылдын ноябрь айынан баштап республиканын алыскы аймактарынын тургундарын акысыз медициналык кароодон өткөрүп жаткан мульти-диагностикалык мобилдик комплекс тартуулаганы үчүн да ыраазычылык билдирди.
Ислам өнүктүрүү банкы Кыргызстандын саламаттыкты сактоо тармагына колдоо көрсөтүүнү улантары айтылды.