Марал Радиосу

Садыр Жапаров: «Бийликтин жаңылышын күткөн топ бар»

Президент Садыр Жапаров «Кабар» мамлекеттик агенттигине энергетика тармагына киргизилген өзгөчө кырдаал режими боюнча комментарий берди.

Президенттин айтуусунда, энергетика тармагына өзгөчө кырдаал киргизүү менен Энергетика министрлигинин ыйгарым укуктары 2026-жылга чейин кеңейтилди.

Мисалы, министр суу, энергетика, гидроэнергетика жана башка маселелер боюнча бардык координациялоо ролун аткарат. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу орган жетекчилерине, орун басарларына тапшырма бере алат.

“Энергетика тармагындагы маселелердин баарын координациялоого шарт түзүп берип атабыз. Маселелердин ыкчам чечилишин камсыздоо үчүн ыйгарым укук берилип атат. Болбосо өзүнүн министрлигинен башка органдарга түз чыга албай, энергетика жаатындагы маселелердин чечилиши бир топ аксап, кечеңдеп жатат” , — деди Садыр Жапаров.

Өлкө башчы электр энергиясы боюнча сарсанаа болууга негиз жок экенин, кышында абал кыйындабай турганына ишендирди. Ал коомдо бийликтин жаңылышын жана каатчылык пайда болушун күткөн топ бар экенин айтты.

“Тилекке каршы, биздин ачык-айрым коомубузда “бийлик эптеп эле бир жеринен жаңылса экен, жыдыса экен” деп, жалаң эле жамандык издеген, өлкөдө ушундай бир каатчылык түзүлсө экен деп күткөн бир ууч топ бар. Бирок биздин сабаттуу элибиз өкмөттүн ачык-айрым ишин туура, так түшүнүү менен кабыл алып жатат” , — деди ал.

Кыргызстанда 1-августтан тарта 2026-жылдын 31-декабрына чейинки мөөнөттө энергетика тармагына өзгөчө кырдаал режими киргизилет. Министрлер кабинети энергиянын кошумча булактарын пайдалануу үчүн жарактуу жер участокторун аныктоо жана бөлүп берүү укугун Энергетика министрлигине берет.

Өзгөчө кырдаал режими колдонулган мезгилде энергетика министрлигине өзгөчө укук берилет.