Марал Радиосу

Президент суу транспортунун ишмердигин тартипке салууну тапшырды

Президент Садыр Жапаров эс алуучулар менен туристтердин коопсуздугун камсыздоону тапшырды. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат катчысы Эрбол Султанбаев кабарлады.

Ички иштер министрлигине, Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө эс алуучулар менен туристтердин коопсуздугун камсыздоо боюнча профилактикалык иш-чараларды күчөтүү, суу транспортунун ишмердигин тартипке салууга өзгөчө көңүл буруу тапшырмасы коюулду.

23-июлда саат 16:30 чамасында Чолпон-Ата шаарында эс алуучу жайлардын биринде суу оюн-зоок кызматын көрсөткөн моторлуу кайыктын айдоочусу көлдүн үстүндө балон сүйрөтүп бара жатып, теплоходго урунган. Натыйжада үч адам денесинен жараат алып, оор абалда Чолпон-Ата шаарынын райондук ооруканасына жеткирилген.

Жабыркаган үч адамдын экөөсү оорукананын жандандыруу бөлүмүндө көз жумуп, үчүнчү жабырлануучу хирургия бөлүмүнө жаткырылган.

Ысык-Көл РИИБнин кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү кармалып, алдын ала суракта ал өз күнөөсүн мойнуна алган.

Учурда тийиштүү соттук медициналык экспертизалар дайындалып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери улантылууда.

Exit mobile version