Марал Радиосу

Эки миңге жакын айдоочу унаа башкаруу укугунан ажыратылды

2023-жылдын 8-мартынан тарта мас абалында унаа башкарган айдоочуларга карата жоопкерчилик күчөтүлүп, унаа башкаруу укугунан ажыратуу беренеси киргизилген.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу башкы башкармалыгы билдиргендей, андан бери мас абалында унаа башкаргандардын саны 17 пайызга азайды.

8-марттан бүгүнкү күнгө чейин 1800дөн ашуун айдоочу мас абалында унаа башкаргандыгы үчүн унаа башкаруу укугунан ажыратылды.

Мекеме айдоочулардын мас абалында унаа башкаруусуна жол бербөө максатында рейддик иш-чараларды күчөтөт.

Мурда мас айдоочуга 17 миң 500 сом айып салынып келсе, жаңы эреженин негизинде ичимдик ичип, рулга отургандар бир жылга айдоочулук укугунан ажырайт. Мөөнөтү бүткөндөн кийин да мас болуп кармалса, укуктан ажыратуу үч жылга узартылат.

Exit mobile version