Саламаттыкты сактоо министрлиги 22-июлда Ош шаарындагы Перинаталдык борбордо кесарево жолу менен үч эм төрөлгөнүн кабарлады.
Аны экөө уул жана бири кыз. Биринчи наристе (эркек) 1 200 г салмакта, экинчи наристенин (кыз) салмагы 1 350 г, үчүнчү наристенин (эркек) салмагы 1 280 г болуп төрөлгөн.
Бул Ош облусунун Чоң-Алай районунун 21 жаштагы тургунунун биринчи төрөтү. Төрөт мөөнөтүнөн эрте, 30-жумада болгон.
Ош шаарынын саламаттыкты сактоо координатору Эрмек Нурунбетовдун маалыматы боюнча, жаңы төрөлгөн ымыркайлардын абалы туруктуу жана алар үйлөрүнө чыгарылды.