Марал Радиосу

26-июлга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, 26-июлга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Ош облустарынын тоолуу райондорундаөткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +20…+25, күндүз +34…+39,

Талас облусунда түнкүсүн +14…+19, күндүз +33…+38,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +21…+26, күндүз +34…+39,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +13…+18, күндүз +29…+34,

Нарын облустарында түнкүсүн +10…+15, күндүз +30…+35,

Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Абанын түнкү температурасы +23…+25, күндүзгү жогорку температура +37…+39 градус болот.

Exit mobile version