Марал Радиосу

Баткенден 300гө жакын бала Ысык-Көлгө эс алууга жөнөтүлдү

Баткен облусунан Ысык-Көлдө эс алууга 293 бала жөнөтүлдү. Балдарды 23-июлда Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жаныбек Исаков баштаган бийлик өкүлдөрү узатышты.

Маалыматка караганда, акыркы жылдары болгон чек ара окуяларында каза болгон жарандардын балдары, багуучусунан ажыраган, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары жана окуунун мыктылары жиберилди. Аларды 17 коштоочу мугалим, 2 милиция кызматкери, 1 медицина кызматкери, 17 айдоочу коштоп кетти.

Балдар 10 күн Чолпон-Ата шаарындагы «Алтын-балалык»  ден соолукту чыңдоо борборунда эс алышат.