Марал Радиосу

Ташиев: Ноокаттын жолу күзгө чейин оңдолбосо, министр иштен кетет

Ош-Баткен-Раззаков жолунун Ноокат районундагы бөлүгү быйыл сентябрь айына чейин оңдолуп бүтпөсө, транспорт министри кызматтан кетет.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев айтты.

Ал өкмөттүн 20-июлдагы жыйынында министр Тилек Текебаев менен бул жөнүндө сүйлөшүшкөнүн жана жолдун курулушу бүтпөсө 1-сентябрда кызматтан кетүү тууралуу арыз жазарын эскертти.

Ноокат унаа жолунун курулуш иштерин Камчыбек Ташиев жеке көзөмөлүнө алганы быйыл май айында белгилүү болгон. Учурда салынып жаткан Ноокаттын 15 чакырымга созулган жолун 1-сентябрга чейин бүткөрүү мерчемделип жатканы айтылган.